Кыргызстандык жаш талант Ниязбек уулу Тилек Түркияда өткөн эл аралык музыкалык сынакта алтын медалга ээ болду







Кыргызстандык жаш талант, 13 жаштагы Ниязбек уулу Тилек 5-июнда Түркияда өткөн балдардын эл аралык музыкалык сынагында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Тилектин бир тууган эжеси, кыл кыякчы Залина Касымова билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Маалымдалгандай, бул сынак Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Ага 37 мамлекеттин жаш таланттары катышкан. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн барган Тилек бул сынакта Ж.Шералиевдин "Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындап" деген ырын аткарган. Жыйынтыгында калыстар тобунун купулуна толгон Тилек 10 финалисттин бири деп табылып, алтын медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Ниязбек уулу Тилек борборубуздагы №73-мектептин окуучусу. Мындан сырткары ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте комуздан сабак алат. Ошондой эле ал белгилүү ырчыларды тарбиялап келген Улукмырза Полотовдон бир жылдан бери вокалдан сабак алып келет.
Ниязбек уулу Тилек буга чейин да бир катар сынактарга катышкан. Ал апрель-май айларында өткөн К.Жекшенов атындагы жаш комузчулардын жана "Жаш кербез-2014" сынактарынын лауреаты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
chyngyz-KG

12.06.2014. 02:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
alirun

12.06.2014. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, омурлуу бол. Кыргызымдын жаркын келечеги.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.