Женнифер Лопес футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышат

Американын белгилүү ырчысы Женнифер Лопес эртең, 12-июнда Сан-Паулуда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземине катышат. 25 мүнөткө созулган ачылыш аземине 600дөй артист катышат. Алардын арасында гимнасттар, акробаттар жана бийчилер бар. Аземдин соңунда Женнифер Лопес Питбуль ысымы менен дүйнө жүзүнө таанымал болгон америка-кубалык рэпер Армандо Перес жана бразилиялык ырчы Клаудия Лейтте менен чогуу "We Are One" аттуу ырды чемпиондуктун гимни катары аткарышмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Футбол боюнча 2014 ДЧнун расмий гимни - "We Are One"
Кыстарылган аудио
Pitbull feat. Jennifer Lopez & Claudia Leitte - We Are One (Ole Ola)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, "Көчүрүү" баскычы аркылуу көчүрө аласыз: http://www.super.kg/media/useraudio/119387/