super.kg logo
  Саясат  

Адвокатура институтуна тийиштүү мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. 

"Кыргызстанда адвокатура институту азыркы жарандык коомдун маанилүү куралы катары Кыргыз Республикасынын жарандарынын, юридикалык жактарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого шарт түзөт, андыктан бүгүн коомдун жана мамлекеттин турмушунда адвокатуранын ээлеген жаңы ролу жөнүндө маселе курч турууда",- деди депутат Наталья Никитенко

Маалыматка таянсак, ушу тапта адвокаттык иштеги орчундуу маселелердин бири болуп адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык жардамдын сапатын, адвокаттардын кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу эсептелет.

Укук коргоо, сот органдары жана юридикалык жардамга муктаж адамдардын ортосунда өз ара эриш-аркак иштешүүнүн айкындуулугун жана сапатын камсыз кылуу максатында адвокаттык өз алдынча башкаруу органдарына квалификациялык экзамендерди кабыл алууга катышуу, адвокаттардын аракетине болгон арыздарды кароо, адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу жана башка мүмкүнчүлүгүн берүү каралууда.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: