super.kg logo

“Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясынын май айындагы товардык өндүрүмү 259,4 миллион сомду түздү

 

2014-жылдын май айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясына 302,2 миллион киловатт-саат электр энергиясы келип түшкөн. Ал эми товардык өндүрүмүнүн суммасы 259,4 миллион сомду түзүп, натыйжада 338,3 миллион сом чогулду, башкача айтканда, жарыяланган сумма 130,4 пайызды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, май айынын ичинде электр энергиясы үчүн өнөр жай объекттеринен чогулган төлөм 106 пайыз, бюджеттик мекемелер 99,8 пайыз, айыл чарба объекттери 100,2 пайыз, башка пайдалануучулардын коюлган суммадагы чогулуму 99,2 пайызды түздү жана калктын төлөм чогулуму 141,1 пайызга аткарылган.

Ал эми “Түндүк электр” ишканасы тейлеген аймактарда май айына карата Бишкек шаарында чогулган төлөмдөр 119,7 пайызды түзүүдө. Чүй облусу боюнча 143,7 пайыз, ал эми Талас облусунда 122,6 пайызга барабар болду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: