Бишкекте "2 айдан бери унаалардан уурулук кылып жүргөн" деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте "акыркы 2 айдан бери автоунаалардан уурулук жасап жүргөн" деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Автоунаалардан жасалып жаткан уурулукка бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарынан 25 жаштагы Нурбек аттуу жаран кармалган. Аталган жаран акыркы эки айдан бери автоунаалардан уурулук жасап жүргөндүгү айтылууда. Маалыматтарга караганда, автоунаалардан 8 жолу уурулук жасагандыгы далилденгени белгилүү болду. Кылмышка шектүүнүн айынан жарандар 50 миң сомдон ашуун чыгым тартышкан.
Учурда иликтөө иштери уланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.