super.kg logo
  Саясат  

Экономика министрлиги: “Жер-Үй” алтын кени 2 миң кишини жумуш менен камсыз кылып, облустун бюджетин эки эсе көбөйтөт"

 

“Жер-Үй” алтын кени боюнча долбоор 2 миңдей кишини иш менен камсыз кылып, Талас облусунун бюджетин эки эсе көбөйтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда  Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Алимбеков билдирди. Айтымында, аталган кенди сатууда өкмөт ачыктыкты жана тазалыкты көзөмөлгө алат. “Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынат. Жаңы мыйзамда биз жергиликтүү калк үчүн жеңилдиктер каралуусу боюнча өзгөртүү киргиздик. Кенди сатып алган компания алтынды Кыргызстанда иштетет”,- деди Алимбеков. Айта кетсек, өкмөт "Жер-Үй" алтын кенин сынак аркылуу сатыкка коюп, баштапкы баасы 100 миң доллар деп белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: