super.kg logo
  Спорт  

Футбол сүйүүчүлөрүнө гол кубанычын тартуулаган түрдүү дарбазалар (фотолор)

 
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы жолдоштук оюнда Азербайжан курамасы менен беттешүүдө. 2013-жыл, ноябрь.
Жеке ырчы Сема футбол сүйүүчү атактуулардын катарында. Ал шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн командада дарбазачынын милдетин аткарат.
2012-жыл, ноябрь. "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюшулган "Суперфутбол" оюнунда бул дарбаза чечүүчү голдорду кабыл алган.
Гезиттин эмгек жамаатынын көл жээгиндеги эс алуусунда да дарбазага муктаждык туулат.
Гезиттин эмгек жамаатынын көл жээгиндеги эс алуусунда да дарбазага муктаждык туулат.
Футбол боюнча Кыргызстандын 2013-жылкы чемпиондугунун жыйынтыктоочу турларынын бири. "Дордойдун" чабуулчусу Каюмжан Шарипов бурчтан чыгаруу маалында дарбазанын жакынкы бурчун көзөмөлдөп жатат.
Акыркы 6 жылда улуттук курама командалар арасында өткөрүлгөн ири мелдештерде 4 кубоктун үчөөнү (2 жолку Европа чемпиондугу, Дүйнө чемпиондугу) үйүнө алып кеткен Испанияда мына мындай кооз дарбазалар бар.
Мексика
Мароккодогу футбол дарбазасы.
Швейцарияда жашыл чөп үстүндө жайгашкан дарбазада топту каалагандай тепсе болот. Терезе сынат деген коркунуч жаралбайт.
"Талаанын көркү кайда, гүл болбосо..." деген саптарды футбол талаасына тууралоого болбойт. Себеби айрым майдандарды көп бут баскандыктан, гүл эмес, чөп чыкпай калат. Никарагуадагы дарбаза.
Сомалиде жаш балдар кумдун үстүндө орнотулган дарбазанын тегерегинде көп чогулат.
Москвадагы майдандардын биринин дарбазасы. Күндүз бул дарбазадан мындай кооздукту көрүү мүмкүн болбосо керек.
Парагвайда суунун ортосунда тургузулган дарбазалар. Бул жерде коркпой жыгылуу да мүмкүн.
Кыргызстанда дарбаза бар жерде койду, кой бар жерде дарбазаны көрө албайбыз. Бул болсо Македония.
Футбол сүйүүчүлөрү шарттарына жараша дарбаза таап, футболдун кызыгына батышат. Непал.
2010-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өз үйүндө өткөргөн Түштүк Африка Республикасынын жарды аймактарынын бириндеги дарбаза. Жергиликтүү жаш балдар 3 талды бириктирип, бир дарбаза жасап алышкан.
Англиянын Манчестер шаары. Англиядан өтө көп сандагы дарбазаларды көрүүгө болот. Бирок кулаган дарбазаны күн сайын кезиктирүү мүмкүн эмес.
Киши баспаса такыр жолго чөп бүтөт. Албетте, такыр майданда футбол болбой калса, жапайы чөп өз өкүмүн орнотот. Хорватия.
Мексикада атайын тосмонун ичинде дарбаза орнотууга мүмкүн болбогондуктан, дарбазанын формасы дубалдын бооруна чийилген.
Германия
Канада. Дарбазаны күндүз мындай кооздукта сүрөткө тартуу мүмкүн болбосо керек.
Түндүк Ирландия
Перу
Батып бараткан күн гана дарбазанын сөлөкөтүн так көрсөтө алган. Ливия.
Куба
Косово. Ат оонаган жерде түк калат, футбол ойнолгон жерде иттер жегидей нерселер калат.
Футбол боюнча 4 жылда бир өтүүчү Дүйнө чемпиондугу эшик кагып, Бразилия мелдешти кабыл алуу үчүн бардык шарттарын тууралады. Учурда үй ээси мелдештин ачылыш саатын гана күтүп турат. Ага карата бир канча стадиондор, спорттук объектилер, машыгуу базалары курулуп, оңдоп-түзөлдү. Мындай базалар 2 ташты эки жакка коюп, дарбаза жасап алып футбол ойногон чыт курсак балдар үчүн жомоктогудай көрүнөрү анык. Дарбаза болбосо топтун тоголонгону көп маани алып жүрбөсүн эске алып, дүйнөдөгү түрдүү дарбазалардын сүрөтүн назарыңыздарга коюуну чечтик. Албетте, футбол сүйүүчүлөрүнө таштын ортосунан да болсо киргизилген гол чоң кубаныч тартуулайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: