super.kg logo

Бишкектеги №1-шаардык клиникалык ооруканада бир аптада 94 операция жасалды

 

№1-шаардык клиникалык ооруканада өткөн аптанын ичинде 94 операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев билдирди. 

Анын айтымында, ооруканага жардам сурап 126 адам кайрылган. Булардын ичинен 28 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлүп, калганы дарылануу үчүн ооруканага жаткырылган.  

“Ооруканага түшкөн 44 адамдын өт баштыкчасы алынды. Мөөндүн туюк учундагы өсмөнүн оорушу менен (аппендицит оорусу) кайрылган 21 адамга тиешелүү операция жасалды. Альвеококкоз дарты менен 3 адамга операция жасалып, оорудан улам жарабай калган боору толугу менен алынды. Боор эхинококкозу менен жабыркаган 11 бейтап тиешелүү дарылануудан өттү. Альвеококкоз илдети менен 2 бейтапка операция жасалды. Ошондой эле уулуу богок оорусу менен жабыркаган 4 бейтапка операция жасалды. Андан сырткары да бир катар операциялар жасалды”,- дейт А.Мусаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: