super.kg logo

Жалал-Абад - Казарман унаа жолунда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

 

Жалал-Абад - Казарман унаа жолунун учурдагы абалы менен өкмөтүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага №6-өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозбаев, Жалал-Абад облустук прокурору Кылычбек Токтогуловдор барышты. 

Маалым болгондой, деңиз деңгээлинен 3080 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Кыр ашуусун ушул жолду тейлеген ДЭП-31 ишканасынын жолчулары тазалашып, оңдоп-түзөөдөн чыгарышты. Ал эми жаз айынын кечеңдешинен улам жолчулар жолду тазалап ремонттоону 28-апрелден башташты. Азыркы күндө жолду тазалап ачуу жумуштарына 500 миң сом акча каражаты сарпталгандыгын №6-өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозбаев билдирди. 

Жолдун учурдагы абалы менен таанышкан Жусупжан Жээнбеков кемчиликтерди белгилеп, аны тез арада четтетүү тапшырмасын берди. 

Азыркы мезгилде Жалал-Абад – Казарман жолунун 98 чакырымын тейлеген ДЭП-31дин 37 жолчусу менен 10 техникалык каражат иштеп жатышат. Сары-Кыр ашуусунун ачылышы менен Тогуз-Торо районунун борбору болгон Казарман айылында тамак-аш азык-түлүктөрүнүн баалары кескин түрдө арзандагандыгын Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов билдирди. Ошентип, азыркы күндө Жалал-Абад - Казарман автожолу толук ачылып, малчылар жайлоолорго көчүшүп, карапайым элдин Жалал-Абад шаары менен Казарман айылына каттоосу ордуна келди. 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад - Казарман жолунун жалпы узундугу 190 км түзүп, анын 18 чакырымын Сары-Кыр ашуусу түзөт. Кыш оор болгондуктан, аталган жол каттамы жылына 3-4 ай гана ачык болот. Кеч күздө жабылып, жай мезгилинде ачылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: