super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев, “Кумтөр” боюнча: “Бизде кыйноого жол берилбейт, бирок курсакка эки урсаң бүт сырын төгүп берчүлөр бар”

 

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаев "Кумтөрдүн" ишин токтотпоо үчүн сунушталып жаткан мыйзам долбоору жумушчулардын укугун чектейт" деген сынга макул эмес. Айтымында, мыйзам долбоорунун максаты – “Кумтөрдүн” ишин атайлап токтоткусу келгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу.

“Бул мыйзам кабыл алынса, ишкана жумушчуларынын иш таштоого чыгуу укугу чектелет дегендер чыгууда, андай эмес. “Кумтөрдүн” ишин сөзсүз токтотушу керек болсо, анда консервациялоо жасалышы керек. “Центерра” ишканада дамбаларды куруп, эки жагын тазалап, унааларын майлап кампага тизип койсун деп жатабыз. Кенди андан ары иштетип кетүүгө мүмкүнчүлүк болушу шарт. Ал эми иш таштоого чыккандардын көйгөйүн атайын органдар иликтейт. Бизде кыйноого тыюу салынган, бирок курсакка эки урсаң бүт сырын төгүп берчүлөр бар. Иш таштоо кимдин буйругу менен уюштурулганын бүт айтып беришет”,- деди Текебаев.

Мыйзам долбоору кызуу талкууну жаратты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: