Бишкекте мурда соттолгон жаран баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн камакка алынды
Мурда соттолгон жаран баңгизатын мыйзамсыз сактаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө белгисиз адам Бишкектин Ленин районунда баңгизаттарын таркатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Жумушчулар шаарчасындагы үйлөрдүн биринде издөө иштери жүргүзүлүп, ал жактан 185,5 грамм гашиш табылып, Юрий аттуу үйдүн ээси камакка алынды. Иликтөөлөрдө аталган жарандын мурда соттолгондугу аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Баңгизатын мыйзамдуу сактаганга, алып жүргөнгө болбойт. Ал юридикалык термин. Дайыма "мыйзамсыз" деген сөз менен коштолуп жүрүшү керек.