super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекендин" лидери коррупционерлерге каршы дагы бир мыйзам сунуштап жатат

 

Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында “Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Жыйында демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев коррупция тендерлерди өткөрүүдө өзгөчө күч аларын айтты.

Айтымында, мамлекетке миллиард доллар зыян келтирген адамга азыркы мыйзам менен 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин эле айып салынат.

“Бул жаза коррупцияга каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бул өтө жеңил жаза. Мисалы, “Кыргыз алтын” ишканасынын мурунку башчысы Дилгер Жапаров 200 миллион доллар мамлекетке зыян келтирди. Эми азыркы мыйзам менен ал 100 миң сом эле айып төлөп чыгып кетет же 3 жылга чейин эркиндигинен ажырайт. Мындай кылмыш кылгандар коркпой эле койсо болот, ансыз деле жылына мунапыс аркылуу эркиндикке чыгышууда”,- Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: