super.kg logo

Жалал-Абад шаарындагы сел арыктарын тазалоо иштери уланып жатат

 

Жалал-Абад шаарынын аймагында сел арык, Чоко жана Кан арыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-июнда вице-мэр Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, жазда жааган жамгырдын кесепетинен сел ташкындары күч алган. Мына ошондой жагдайды болтурбоо үчүн алдын ала 912 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджет тарабынан бөлүнүп берилген. Мындан сырткары 1 миллиондон сомдон ашуун каражат Транспортный көчөсүндөгү жолдун жээгине суу агызуучу арык курууга бөлүнүп, иштер жүрүп жатат”,- деди ал.

Ошондой эле Курманбек, Московский көчөлөрүнүн кесилишинин эки тарабынан Кыргыз Республикасы, Манас, Манас-Маяковский, Ленин-Пионерский көчөлөрүнүн кесилиштериндеги суу өткөрүүчү түтүктөр толук реконструкцияланды.

Шаардын көчөлөрүн жарык кылуучу жалпы 644 электр мамысы болсо, анын 167си сырдалып бүттү”,- деп кошумчалады вице-мэр.

Айта кетсек, аткарылып жаткан иштер Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: