MegaCom компаниясынын абоненттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүштү



MegaCom компаниясы кайрымдуулук максатында өткөргөн «Улуу жеңиш! SMS-марафонунун» алкагында абоненттер тарабынан топтолгон жарым миллион сомго жакын акча каражатын согуш ардагерлерине таратып берди. Бул тууралуу 11-июнда аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Келечек муундун бейпил жашоосу үчүн кан майданын кечип, өз жанын аябаган аталарыбыздын тагдырларына кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан 1945 кыска номуру аркылуу топтолгон 474 342 сом өлчөмүндөгү акча каражаты (салык төлөмдөрүн алып салуу менен) Даңк, Кызыл жылдыз ордендеринин кавалерлери, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон 102 ардагерге бөлүнүп берилди.
Тизме КРнын Коргоо министрлигинин Мобилизациялык башкармалыгы тарабынан берилген. Даректүү жардам 102 ардагердин ар бирине 4650 сомдон бөлүштүрүлүп, аймактарда жашаган жана ден соолугуна байланыштуу келе албаган ардагерлерге үйлөрүнөн тапшырылды.
"Өз кезегинде ардагерлер көрсөткөн камкордугу, аяр мамилеси үчүн MegaCom абоненттерине ыраазычылык билдирип жатышты. Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине көмөк көрсөтүү MegaCom компаниясы жана анын абоненттери үчүн салтка айланып калгандай. SMS-марафонду өткөрүүнү Ата Мекенди коргоочуларга болгон урпактардын таазими катары баалоого болот. MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине көмөк көрсөтүүнү салтка айландырып алгандай" деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетчү нерсе, республикабыз боюнча 1000 ардагерге колдоо көрсөтүү максатында компаниянын каржы резервдеринин эсебинен жыл сайын 4 миллион сом бөлүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
advert

11.06.2014. 15:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин суйуктуу операторум. Азаматсынар! Ишиниздерге ийгилик))
aikow92

11.06.2014. 16:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин туугандарымдын да сүйүктүү оператору. Аларга өзгөчө менин эсебимден сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген кызматы жагат :)
dongolok

12.06.2014. 12:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МЕГАКОМ ар дайым коомдук иш чараларга активдуу катышат))) МЕГАКОМ-жаны мумкунчулуктордун убагы
ai_temir

20.06.2014. 22:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилиииииииииииик мегакомго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.