Чүйдө мурда соттолгон адам мал уурдаганга аракет кылып жаткан жеринен кармалды
Чүйдө мурда соттолгон адам мал уурдаганга аракет кылып жатканда кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй районунун тургуну койлорун короодон сыртка айдап чыгып койгон. Кийин аларга көз салмакчы болуп чыкканда белгисиз адам бир койду көтөрүп бара жатканын байкап калган. Аталган тургун коңшуларын жардамга чакырып, аталган окуя милиция бөлүмүнө билдирилген.
Милиция кызматкерлери мал уурдоого аракет кылган жаран мурда да уурулук үчүн соттолуп чыккандыгын аныкташты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.