super.kg logo
  Спорт  

Таш бака Бразилия-Хорватия мелдешинде "Бразилия" курама командасы жеңишке жетишерин алдын ала билдирди

 

Эртең, 12-июнда Сан-Паулуда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болот. Бул жылы чемпиондук үчүн 32 команда ат салышмакчы. Учурда футбол сүйүүчүлөрү ар кандай жандыктардын, аюу, пил, торопой, жөргөмүштөрдүн жардамы менен төлгө тартып, чемпион болчу команданы алдын ала аныкташууда. 

Алсак, 12-июнда орун алчу Бразилия-Хорватия мелдешинде "Бразилия" курама командасы жеңишке жетишерин деңиз таш бакасынын жардамы менен аныктап коюшту. Күйөрмандар суу ичине атайын дарбаза орнотуп, ага эки өлкөнүн желегин илип, астыларына таттуу нандын кесимин байлашкан. Алардын ою боюнча, таш бака кайсы желектин астындагы нанды жесе, мелдеште ошол команда жеңишке жетишет. Жыйынтыгында суу жандыгы Бразилиянын желегинин астындагы нанды жеген.

Белгилей кетсек, мындай төлгө тартуу көп жолу эле чындыкка дал келген экен. Алардын бири 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда немис океанариумунда жашаган Пауль аттуу осьминогдун жардамы менен салынган төлгө чын чыгып, Испания командасы чемпион аталган. 






Таш бака Бразилия - Хорватия футболдук мелдешинде "Бразилия" курама командасы жеңишке жетишерин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
11.06.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразилия чемпиондукту ала алабы аны эми оюн корсотот да. Топ тоголок.
11.06.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саат канчада башталат болду экен?
11.06.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
приколный игра екенда
12.06.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойбоой кулкуну келтиретго ташбакага барыбир эмесби, жеми болсо болдуда он келген жагын жеп койду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: