super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Ички иштер министрлигинин унаалары жеке жаранды коштоп жүрүшөбү?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Көчөдө баратсам алдымда ИИМдин коштоосу менен бир таанышым өтүп кетти. Таң калдым. ИИМдин узатуусунда мен дагы жүрсөм болобу көчө кыдырып? Кандай болгондо ИИМдин узатуусунда болом? Ага акча төлөнөбү? Тарифтерин жазып коёсуздарбы? Суроо калтырган Rich_girl.  

Жооп: - ИИМдин унаалары жеке жаранды коштоп жүрүүсү каралган эмес. ИИМдин кызматкерлери мамлекет башындагы адамдарды, чет элден келген расмий делегацияны жана кандайдыр бир иш-чараларда балдар, коноктор отурган автобустарды, автоколонналарды өз унаалары менен коштоого алышат. Жеке жарандын көчө кыдыруусу үчүн ИИМдин унаасы менен коштоп жүрүү каралган эмес. 

Суроого ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонов жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.06.2014. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ берген суроосун кара.
Модератор admin_portal түзөттү 11.06.2014 18:13
11.06.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek1990 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: