Кыргызстан айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн 20 миллион доллар насыя алганы жатат
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңеште “Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт.
Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

