Өзгөн районунун акими лизингге келген тракторду Өзбекстанга сатып жибериптир
Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исмаил Исаков: “Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев 2008-жылы лизингге келген МТЗ 82 тракторун таанышы аркылуу Өзбекстанга сатып жибериптир”,- деп билдирди. Исаков бул боюнча прокуратурага азыр берерин айтты.
“Тажибаев ал тракторду жок дегенде эки-үч эсе кымбат сатты да. Сураштырып көрсөм, ал таанышын азыр Өзгөндөгү “Жибек Жолу” базарына директор кылып дайындаптар. Бул боюнча акимдин үстүнөн арыз берем”,- деди Исаков.
Жыйында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып бул маселени чечүүгө кирише турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

