Соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлмөкчү
Парламентте бүгүн, 11-июнда "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда кабыл алынды. Демилгечи - депутат Тынчтык Шайназаров. Мыйзам долбооруна ылайык, соттук иштерге катышуучулардын толук келүүсүн камсыз кылуу милдети тергөөчүлөргө жүктөлмөкчү. Шайназаров буга чейин Кыргызстанда катышуучулардын соттук отурумдарга толук келбегенинен улам 10 миңдей иш каралбай сейфте жатканын айткан эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

