Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү демилгеси парламентте 2-окууда колдоо тапты
Кыргызстандын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2-окууда колдоду. Мындай чечим парламенттин 11-июндагы жыйынында кабыл алынып, ага 94 депутат “макул”, 4 депутат “каршы” деп добуш берди.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбоору чек ара аймактарында жашаган тургундардын үй-мүлкүн чет өлкөлүк жарандарга сатуусуна тыюу салат. Маселе бүгүнкү жыйында кызуу талкууланып, айрым депутаттар "бул мыйзам жарандардын укугун чектейт" дешсе, көпчүлүгү "бул мыйзам өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн абдан зарыл" дешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

