super.kg logo

Түштүк Кореяда чөгүп кеткен “Севоль” кемесинин экипажынын мүчөлөрү сот алдында жооп берип башташты

 

Түштүк Кореяда чөгүп кеткен “Севоль” кемесинин экипажынын мүчөлөрү сот алдында жооп берип башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 11-июнда кабарлашууда.

Маалыматтарга караганда, экипаждын мүчөлөрүнө "шалаакылык" жана "атайын жасалбаган өлтүрүү" деген айып тагылууда. Сот учурунда кемеде каза болгондордун туугандары баш аламандык уюштурушканы белгилүү болду.

Эгер кеменин капитанынын жана анын 3 жардамчысынын күнөөсү далилдене турган болсо, алар өлүм жазасына тартылышат. Айта кетчү жагдай, Түштүк Кореяда өлүм жазасы 17 жылдан бери колдонула элек.

Эске салсак, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыккан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери.

18-апрелде окуучуларды кемеде коштоп жүргөн мектептин директорунун орун басары Кан Мин Гю бул окуяга өзүн күнөөлүү сезип, спортзалда асынып алган эле. Ал эми 19-апрель күнү кеменин капитаны Ли Чжун Сок “өз  милдеттерин так аткарган эмес” жана “деңиз мыйзамдарын одоно бузган” деп айыпталып, камакка алынды. Ал кеме чөгүп бара жатканда экипажды башкарбай чыгып кеткенин жана ал учурда кемени 25 жаштагы жардамчысы башкарганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган. 

Ошондой эле 27-апрелде Түштүк Кореядагы кеменин кыйрашына байланыштуу өкмөт башчы Чон Хон Вон отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.06.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына, мамлекетте мыйзам күчүндө иштейт экенин ушундан бил. Биздечи? Адам өлтүргөндөр киного тартылып жүрөт экен, бала саткандар жумуштан алынып ЭЛЕ коет экен, кызды зордуктап өлтүргөндөр табылбайт экен.... Ээхх... Кайда бараар экенбиз...
12.06.2014. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарда закон кыргызча иштеп атса кайдан.Бизде илгертен бери каныбызга синип калган кыргызчылыктан чыга албай келебиз.Анан кайдан онугуу.Эл озун озу багып эле келе жатат го.Ошондо куноо эл башкаруучуларда да туурабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: