Караколдо "Кыргыз патенттин" Технологиялык жана инновациялык колдоо борборунун өкүлчүлүгү ачылды



Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл
мамлекеттик университетинин базасында кечээ, 10-июнда КРнын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновация кызматы ("Кыргыз патент") Технологиялык жана инновациялык колдоо
борборунун өкүлчүлүгүн ачты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда аталган мекеменин
басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мамлекеттик интеллектуалдык менчик жана инновация кызматынын басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, аталган филиалды ачуу жөнүндө макулдашууга "Кыргыз патенттин" жетекчиси Сияпат Батырканова менен Ысык-Көл мамлекеттик университетинин проректору Рысбек Абылгазиев кол коюшту.
“Филиалды ачуунун негизги максаты жогорку сапаттагы илимий-техникалык маалыматтын булагы менен камсыз кылуу болуп эсептелет”,- дейт С.Батырканова.
Ошондой эле "Кыргыз патенттин" адистери тарабынан аталган ЖОЖдун окутуучулары менен студенттери үчүн эл аралык маалыматтык базаны колдонуу менен патенттик маалыматтарды издөө боюнча тренингдер да өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.