super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева республикалык бюджеттеги акчанын 50 пайыздан ашыгы социалдык тармакка жумшаларын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова бүгүн, 11-июнда АКШнын изилдөө жана аналитикалык борборлорунун делегациясы менен жолугушту. Анда Жогорку Кеңештин социалдык тармакта жүргүзгөн иштери тууралуу пикир алышуу болду.

Ниязалиева КРнын Конституциясында Кыргызстан эгемен, демократиялуу, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, ошондой эле социалдык мамлекет болуп санала турганы жөнүндө ченем бекитилгенин белгиледи. "Ошол себептен биздин өлкөдө мамлекеттик бюджеттин 50 пайыздан ашуун каржы каражаты социалдык керектөөлөргө жумшалат",- дейт депутат.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзө турган мыйзам базасын түзүү жаатында ири иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: