super.kg logo
  Саясат  

Орто кесиптик билим берүү маселелери боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулду

 

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 3560-V токтому менен түзүлгөн билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралды.

Бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдимуталип Кочкорбаев маалымат берди.

Кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы окуу жайлардын жалпы саны 105, анын ичинде 98 лицей бар. 2014-жылдын 1-январына карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган окуучулардын саны 26,3 миң окуучуну түзөт. Кесиптик билим берүүчү 104 окуу жайында 125 ар түрдүү кесиптер боюнча жаш жумушчу кадрларды даярдашса, Токмоктогу Индустриалдык-педагогикалык колледжи окуу жайларга керектүү өндүрүштүк окутуунун устаттарын даярдайт.

Депутат Абдимуталип Кочкорбаев: “Иликтөөнүн жүрүшүндө кесиптик билим берүү окуу жайларынын эмгек коллективдери окуу материалдарына каражат бөлүнбөгөндүгүн, кесиптик окуу жайлардын окуучуларына стипендия берүүнүн кошумча критерийин иштеп чыгуу зарылдыгын, окуу корпустары, устаканалар, жатаканалар капиталдык ремонтту талап кылып жатканын тизмектедик”,- деди.

Иликтөө маалында негизги көңүл окуучулардын сабакка катышуусуна бурулуп, айрым лицейлерде катышуу өтө начар экенин кошумчалады. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: