Ош - Эркеч-Там унаа жолу тосулгандыктан, айрым райондордо пенсия төлөө кармалууда
Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргон айылында жол тосулгандыктан, Чоң-Алай жана Алай райондорунда пенсия төлөө кармалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнда аталган эки райондун тургундарына пенсия берилген жок. 11-июнда Алай районунун айрым байланыш бөлүмдөрүндө жарты пенсия төлөө башталды. Пенсия алуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Эгер сиз сайттан четтетилген болсоңуз бул жакка бул билдирүүнү калтыра албайт болчусуз. Баары жайында.