Бишкекте 5 күндө жүргүнчү ташыган 126 кичи автобус каттамдан чыгарылды
Бишкек шаарында 2-июндан 7-июнга чейинки аралыкта жүргүнчү ташыган 126 кичи автобус каттамдан четтетилди. Муну бүгүн, 12-июнда мэрия кабарлады. Бул коомдук унаалар техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн иштен чыгарылып, айдоочулар кемчиликтерин оңдогондон кийин 21 кичи автобус кайра каттамга кошулганы айтылды.
Жүргүнчү тейлеген коомдук унаалардын абалын текшерүү иштери улантылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

