super.kg logo
  Саясат  

Төрөбай Зулпукаров: “Алайда жол тоскондорго ар бир фракциядан экиден депутат барат”

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталына: “Алайда жол тоскондор менен жолугууга ар бир фракциядан экиден депутат жөнөтүү чечимине келдик”,- деп билдирди. 

Кечээ, 11-июндагы парламент отурумунда депутаттардын суроолоруна премьер-министр Жоомарт Оторбаев жооп берди. Алайда жол тосуп турган элдин талабын аткаруу боюнча да маселе көтөрүлдү. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештен ар бир фракциядан экиден депутат барат, алар маселе менен жеринен таанышып келишет”,- деди Зулпукаров.

Ошондой эле төрага орун басары жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү "Центерра" компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришкенин айтты.

Токтомго ылайык, өкмөт “Кумтөр” ишканасынын жүрүп жаткан иштери тууралуу ар бир айда парламентке отчёт берип турушу керек эле. Май айында таптакыр маалымат беришкен эмес. Иштөө процесстери кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат беришти. Ал эми “Кумтөр” ишканасы иштебей калбайт, ишин уланта берет”,- дейт Зулпукаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: