super.kg logo

“Түндүк электр” ишканасы Бишкектин аймагындагы электр берүү чубалгыларынын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө

 

“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарында 0,4 кВт электр берүүчү аба чубалгыларын өзүн кармап обочолоп туруучу чубалгыларга реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын башында борбор калаада 46 чакырымдагы 0,4 кВт электр берүүчү аба чубалгыларын реконструкциялоодо 750 эски жыгач зым карагайлары жаңы темир бетондуу зым карагайларга алмаштырылган.

Ошондой эле жылдын аягына чейин Бишкек шаарында 0,4 кВт электр берүүчү аба чубалгылары 200 чакырым аралыкта өзүн кармап обочолоп туруучу чубалгыларга реконструкцияланып, эскилиги жеткен 900 жыгач зым карагайлары алмаштырылмакчы.

Эске салсак, 2013-жылы “Түндүк электр” ишканасынын борборго 56 чакырымдагы 0,4 кВт электр берүүчү аба чубалгылары реконструкцияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: