super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөр” кенинде тоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилди

 

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги “2014-жылкы иштетүү контурларында чектүү контур боюнча (2010-жыл) борбордук тилкенин карьерин иштетүү техникалык долбоорлорун корректирлөөгө” өзгөртүү жана толуктоо өнөр жай коопсуздугу жана кенди сактоо экспертизаларынын корутундусун бекитти. Муну менен “Кумтөр” кенинин борбордук тилкесинде тоо иштерин жүргүзүүгө укук берилет.

Агенттиктин маалымат кызматы аталган корутунду эки шарт менен бекитилгенин билдирет:

1. Давыдов мөңгүсүнүн бөлүгүн иштетүүнү КРнын экологиялык кызматтары менен макулдашуу;

2. “Кумтөр Голд Компанинин” концессиялык аянтындагы бардык чалгындалган пайдалуу кен казууларды быйыл 1-августка чейин мамлекеттин балансына өткөрүү.

Эскерте кетсек, аталган кенде тоо иштерин жүргүзүүгө "Ата Мекен" фракциясы каршы чыгып, "уруксат берсек, кенде мөңгүлөр талкаланганы жатат" деп билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: