super.kg logo
  Саясат  

Закир Чотаев: “Жогорку Кеңеш өлкөдөгү чыр-чатактарды алдын алуу жана саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча өз милдетин ишке ашырып жатат”

 
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Грузия, Молдова, Казакстан парламентчилеринин, Франциянын Улуттук ассамблеясынын өкүлдөрүнүн, Кения активисттеринин, парламентаризм боюнча эл аралык жана жергиликтүү серепчилердин катышуусунда «Чыр-чатактарды алдын алуудагы жана тынчтык курулушундагы парламенттин ролу» темасындагы эл аралык конференция өтүүдө. Форумдун катышуучулары конференциянын биринчи күнүндө “Парламент консенсуска жетүү жана талкуулоо механизми катары” деген теманын айланасында талкуу кылышты. Парламентаризм боюнча адис Закир Чотаев парламенттик башкаруу формасынын негизги белгилерине токтолду. “Жогорку Кеңештин өз ыйгарым укуктарынын алкагындагы ишмердүүлүгү саясий туруктуулукту камсыз кылууда жана өлкөдөгү чыр-чатактарды алдын алууда зарыл болгон парламенттин негизги иш-милдеттерине төп келүүдө”,- дейт ал. Баяндамалардан соң өз ара пикир алышуулар болуп, талкууланып жаткан маселе боюнча бир катар сунуш-пикирлер айтылды. Депутат Э.Алымбеков чыр-чатактарды алдын алуу багытында тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча конференцияга катышкан мамлекеттердин депутаттары менен бирдикте кандайдыр бир бирдиктүү парламенттик аянтча түзүүнү сунуштаганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: