Жалал-Абаддын имамдары жана медреселеринин мугалимдери билимин жогорулатууда
Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты имам
жана медреселердин мугалимдеринин билимин жогорулатуу максатын көздөгөн 4
күндүк семинарларды уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда муфтияттын басма сөз
катчысы Асан Саипов билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын атайын буйругунун негизинде өтүүдө. Семинардын негизги максаттарынын бири улуттарды ынтымакка чакыруу болуп саналат.
Аталган иш-чара Көк-Жаңгак шаарында өтүп, ага облус аймагындагы райондор менен шаарлардан 50гө жакын имам жана медреселердин мугалимдери катышты. Анда тажрыйбалуу жана жогорку билимдүү дин кызматкерлери сабак өтүштү. Семинардын жыйынтыгында казыят тарабынан катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.