Караколдо этникалык мүнөздөгү жаңжалды болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча коомдук кеңешме ачылды
Каракол шаарында бүгүн, 12-июнда этникалык мамилелер маселелери боюнча коомдук консультациялык кеңешмеси расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кеңешменин максаты - Каракол шаарынын аймагындагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана сактоого көмөк көрсөтүү. Ошондой эле жарандарга жана коомчулукка этникалык аралык мүнөздөгү жаңжалды болтурбоо жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында ачылууда.
Аталган кеңешменин курамына Каракол шаарынын бардык диаспораларынын мүчөлөрү, коомдук бирикмелердин жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү киришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Мэри

12.06.2014. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз тийбесин, Караколдо буга чейин улуттар аралык жаңжалдар болгон эмес, мен билгенден. Мен ушуга кубанам. Тынч, өз оокаттарын кылып келишет. Алар бул жагынан башка региондорго үлгү боло алышат.
Nasyrkg

12.06.2014. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыргап эле байып жашап жатышатго калпэле дайыны жок нерселерди ача беришет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.