super.kg logo
  Саясат  

"Кримавторитет" Алманбет Анапияев калыс тергөө камсыз кылынса, Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр экени айтылды

 

"Кримавторитет" Алманбет Анапияев калыс тергөө камсыз кылынса, Кыргызстанга кайтып келүүгө даяр. Муну парламенттин 12-июндагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров спорт чеберлерине шилтеме берүү менен билдирди. Депутатка бул маселе боюнча өлкөдөгү 36 спорт өкүлү кайрылыптыр.

“Жакында Камчы Көлбаев боюнча соттун акыркы чечими чыкты, юридикалык жактан жоопкерчилик тартты. Ошол себеп болдубу билбейм, мага Олимпиада чемпиону баштаган 36 спорт өкүлү кат жазыптыр. Ага (ред. Анапияевге) мүмкүнчүлүк берели деп жатышат. Ал киши өлкөгө келүүгө, сот алдында жооп берүүгө деле даяр экен, бирок калыс тергөө болушун камсыз кылууну суранып жатыптыр”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: