“Бажы биримдигине киришибиз менен инфляция күчөп кетиши мүмкүн” дейт Кубат Өмүрзаков
Бүгүн, 12-июнда өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Экономика министрлигинин адиси Кубат Өмүрзаков: “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши бир топ терс натыйжаларды бериши мүмкүн”,- деп билдирди.
Анын айтымында, негизги натыйжалардын бири - инфляциянын өсүп кетиши. “Инфляция эки себептен болушу мүмкүн: бирдиктүү сырткы тарифти киргизүүдөн жана арзан баадагы товарлардын азайып кетишинен”,- деди ал.
“Инфляциядан тышкары экономикалык өсүүнүн басаңдашы, бюджеттин деңгээлинин азаюусу, жумушсуздуктун күчөп кетиши жана экспортёрлор үчүн чыгымдардын өсүшү сыяктуу натыйжалар да болушу мүмкүн”,- деп кошумчалады Өмүрзаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
slm-81-10

12.06.2014. 15:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Сен эле калдың эле,өзүнүн бизнесинен корккон Өмүрзаков братан.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.