super.kg logo

Ош. Кара-Сууда "жер алып берем" деп пара алган 36 жаштагы жаран кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык округунун жер адиси, 36 жаштагы Р.З. жер бөлдүрүп берүү үчүн 10 миң сом пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, милицияга Сары-Колот айылдык округунун жер адиси Р.З. жер бөлүп берүү үчүн 10 миң сом пара алып, бирок жер алып бербей жүргөндүгү боюнча 41 жаштагы Т.Ж. арыз менен кайрылган.  

Ал эми арыз ээсине "жер алып берем" деген убадасын аткара албагандыктан, пара катары алган 10 миң сом акчаны кайтарып жаткан учурда Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.06.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карасуу районуна караштуу кашкар кыштак айыл окмотундо мындай иштер болуп канча жер сатылды жада калса Кенжекул айылындагы детсадтын жарым жери сатылып уй салынган,кимге кайрылышыныда билбейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: