Депутаттар газ көйгөйүнө жооп катары Өзбекстандын мөмө-жемиштерин өлкөгө киргизбей коюуну сунушташты
Өзбекстандан контрабандалык жол менен жер-жемиштер кирип жатат. Өкмөт шашылыш чараларды көрүп, ата мекендик дыйкандардын кызыкчылыгын коргоого тийиш. Бул тууралуу депутат Акылбек Султанов Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында билдирди.
"Кыргызстандын өзүнүн жер-жемиши бышып, сатыкка чыга баштады. Азыртадан өлкөнүн ички рыногун контрабандалык азык-түлүктөн коргоо чаралары көрүлбөсө, жергиликтүү дыйкандарга оорчулук түшөт. Өзбекстан газын бербей жатса, биз алардын жер-жемишин өткөргөнүбүз калыстыкка жатпай калат",- деп кошумчалады депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















