super.kg logo

Жалал-Абадда Июнь коогалаңында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү

 

Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагындагы Сампа участкасында 2010-жылы Июнь каргашасында каза болгондорго арналып курулган эстеликтин жанында эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад шаарынын вице-мэрлери, Сузак, Жалал-Абад шаарларынын тургундары жана каргашада каза болгондордун жакындары катышышты.

Анда каза болгондорго куран түшүрүлүп, гүлчамбарлар коюлду.

Эскерте кетсек, Сампа окуясында 2010-жылы 16 адам каза болгон. Ал эми бул ишке тиешеси бар делген 18 адам соттолгон. Иш-чара Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, сый тамак берүү менен улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: