super.kg logo

Нарын шаарында “Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция” аталыштагы окутуу өтүүдө

 
Нарын шаарында “Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция” темасындагы тренинг өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда КРнын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борбору, ЮНИСЕФ, “Укук борбору” коомдук фонддору менен биргеликте уюштурулууда.

Тренингдин программасы боюнча төмөнкүдөй маселелер каралып жатат:

• Ювеналдык юстиция боюнча эл аралык стандарттар; 

• Ювеналдык юстиция боюнча прокуратуранын ишинин ɵзгɵчɵлүктɵрү; 

• Жашы жетпеген соттолуучу балдар тууралуу жазык иштердин ɵзгɵчɵлүктɵрү; 

• Ювеналдык юстиция боюнча адвокатуранын ишинин ɵзгɵчөлүктɵрү; 

• Ювеналдык юстициянын социалдык ɵңүттɵрү.

Тренингге Нарын облусунун судьялары, прокурорлору, адвокаттар, Ички иштер министрлигинин жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жергиликтүү башкаруусунун кызматкерлери катышууда. Ал эми аларга арналган лекцияны Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Аида Рыскулова, “Укук борбору” коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, КРнын ИИМ академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов өтүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: