Бакыт Төрөбаев: “Быйыл суу аз, кышка даярдыкты азыртан баштоо зарыл”
Кыргызстанга быйылкы кышка даярдыкты азыртан баштоо зарыл. Муну бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди. Нарын дарыясында быйыл суу аз экенин айткан депутат мунун кесепетинен электр энергиясына күч келерин билдирди.
Мындан сырткары суунун аздыгына байланыштуу тоют жаатында дагы көйгөйлөр чыгышы мүмкүн экенин, ага да даярдык көрүү учур талабы экенин кошумчалады.
Нарын районунун калкынын ден соолугун текшерүүдө 5 онкологиялык оору аныкталганын айткан Төрөбаев Саламаттыкты сактоо министрлиги топ түзүп, республика калкынын саламаттыгын текшерүүсүн колго алууну сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

