super.kg logo

Ош шаарында диний сабаты бар лидер айымдар үчүн экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча окуу өтүүдө

 

Бүгүн, 12-июнда Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" борбордук мечитинде Кыргызстандын түштүк облустарынын диний сабаты бар лидер аялдарына экстремизм жана терроризмдин алдын алуу үчүн үч күндүк семинар өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул сыяктуу окуудан жаштар жана имамдар өтүүдө. Азыркы учурда мамлекетибизде диний багытта ар кандай топтор, агымдар пайда болду. Ошол эле кезде туура эмес багыттагы агымдар биздин кыз-келиндерди алдоо жолу менен жаман жолго баштап жатат. Мисалы, Сирияга жихадга деп чакырып, аялдарды адашкан жолго үгүттөп жаткандыгы жалпыга маалым. Ошон үчүн элибизге исламдын баалуулуктарын жеткирип, экстремисттик жана террористтик багыттан алыс кылуу - негизги максатыбыз",- дейт муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов.

Иш-чарага президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандар менен өз алдынча иштешүү бөлүмүнөн, дин комиссиясынан, ИИБдин 10-бөлүмүнөн, УКМКнын өкүлдөрү жана жергиликтүү диний кызматкерлер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: