Баткен облусунда сарык илдети менен ооругандардын саны өсүүдө
Баткен облусунда акыркы 1 айда сарык оорусу менен жабыркагандардын саны өскөн. Бул тууралуу Баткен обустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Галбай Шерматов билдирди. Анын айтымында, оорунун күч алуусуна тазалыкты сактабагандык себеп болууда. “Көпчүлүк бала бакчаларда бир керебетте экиден же үчтөн бала уктаган учурлар кездешет. Ошондой эле жаш балдар жуунуучу жайлардын жана дааратканалардын талапка жооп бербегени илдеттин күч алышына себеп болууда, аталган илдет менен ооругандардын саны акыркы бир айда Лейлек районунда 2,5 эсе, Сүлүктүдө 12 эсеге көбөйгөн”,- дейт Шерматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

