Жарандык активисттер Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин сынга алышты
Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында “Жаңы муундун коалициясы” уюмунун өкүлү Тимур Саралаев: “Эгер КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов коомчулуктун астында 2013-2014-жылдары кылган иши боюнча отчёт бербесе, ал орунун бошотсун”,- деп билдирди .
Анын айтымында, аталган министрлик мамлекеттик саясатты жүргүзгөндүн ордуна чет өлкөлүк жарандар үчүн квоталар маселесин гана карап жатат. “Эгер бир нече жыл мурун чет өлкөлүктөргө квоталардын саны 100 миңден ашпаса, 2014-жылы бул көрсөткүч 13 миңге жакын болууда. Бул расмий көрсөткүчтөр, бирок чыныгы санды эч ким билбейт”,- деди ал.
Мындан тышкары активист 2015-жылга квоталардын санын 70 пайызга кесүүнү талап кылды. “Жогорку Кеңеш Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа бериши керек”,- деп кошумчалады Саралаев. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.