super.kg logo

Эл артисти Керим Тураповго берилген жер тилкеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси камакка алынды

 

10-июнь күнү Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси А.Ж. тергөө абагына камакка алынды. Ал шаардык прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында "Токомбаев көчөсүндө көп кабаттуу үйдү куруу үчүн мыйзамсыз документ берген" деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү 0,26 гектар жер тилкеси үн жазуучу студиясы бар вокалдык мектепти куруу үчүн 2008-жылдын 28-июнунда КРнын Эл артисти Керим Тураповго берилген.

Бирок 2006-жылдын 21-ноябрында бекитилген өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган жер тилкеси жашыл аймакка кирген. Жер кодексине ылайык, жалпы колдонуудагы жерди 5 жылдык мөөнөткө, убактылуу гана колдонууга берүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
13.06.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alicia - эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: