Жогорку Кеңеш газ боюнча өкмөттү бүгүн да жыйынга чакырды
Жогорку Кеңеш “Кумтөр” жана газ маселеси боюнча өкмөттү бүгүн да жыйынга чакырды. Мындай чечим парламенттин 12-июндагы жыйынында 47 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды. 21 депутат каршы добуш беришти. Өкмөттү жыйынга чакыруу маселеси ызы-чуу менен коштолду.
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Төрөбай Зулпукаров менен бир катар депутаттардын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Курманбек Осмонов кесиптеши Зулпукаровду сылык болууга чакырды. “Сиздин келечегиңиз алдыда, депутаттарды кагып-силкип, кекетпей, жакшы мамиле кылыңыз”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















