super.kg logo

Ич кийимге катылган тыйындар Бразилиянын тургунунун өмүрүн сактап калды

 

Ич кийимдин ичине акча катуу адаты Бразилиянын 17 жаштагы тургунунун өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз 16 жаштагы жигити менен уруша кетип, аны менен мамилесин токтото тургандыгын айткан. Буга териккен жигит кызга ок чыгарган. Жыйынтыгында кыздын бюстгальтеринде катылган 10 жана 50 реалдык монеталар аны бир өлүмдөн сактап калышкан. Тагыраак айтканда, тапанчадан чыккан ок тыйындарга тийген. Жыйынтыгында жеңил жаракат алган кыз ооруканага жаткырылган. "Ооба, ич кийимге акча катуу жаман адат. Анткени алар кир эмеспи. Бирок бул адатым мени өлүмдөн сактап калды",- деген жабырлануучу журналисттерге берген маегинде.

Учурда кыздын жигити камакка алынды. Тергөө иштеринде анын буга чейин бир нече жолу курал менен бирөөлөрдү коркутуп тоногондугу аныкталды. Анын сүйүктүүсүнө ок чыгарган тапанчасы үйүнүн короосунан табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.06.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kydaiym saktadyy tyindy sebep kilip ajali jete elek zna4it.
12.06.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sema., +
13.06.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына шумдук.:-)
14.06.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: