Кочкордо өткөн түнү 20 жолбун ит, 1 чөө атылды
Кочкордо өткөн түнү 20 ит, 1 чөө атылды. Бул тууралуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 12-июнга караган түнү койлорду, тоокторду өлтүрүп канын соруп кетип жаткан белгисиз жандыкты атып жок кылуу үчүн 20дай адам кароолго чыгышкан. Анын натыйжасында 20 жолбун ит, 1 чөө атылды. Бирок тургундар айтып жатышкан белгисиз жандыкты азырынча ата албай жатышат. Учурда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Молдоисаев баштаган топ белгисиз жандыкты жок кылуу аракетин көрүүдө.
Айта кетсек, буга чейин "Кочкор районунда белгисиз “кан соргуч” чыгып, койлордун, тооктордун канын соруп жатыптыр" деп айтылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
AKYBALA

12.06.2014. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак уйдуда карагыла ошо жакта бар кан соргучтар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.