Кыргыз агробиоборборунун башчысы: “Кыргызстанга жер семирткичтерди өндүрүүчү ишкана керек”
“Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүүчү ишкана курулушу керек”,- деп айтты бүгүн, 12-июнда Кыргыз агробиоборборунун башчысы Жаныбай Туманов.
Анын айтымында, аталган ишкана Таш-Көмүрдө курулушу пландалууда. Анын болжолдуу түрдөгү баасы 350-380 миллион долларга барабар. “Учурда аны курууга кытайлык жана түштүк кореялык корпорациялар кызыкдар. Ушул ишкана бизге абдан керек. Анткени эгер биздин дыйкандар 1 килограмм жер семирткичин 20-25 сомдон алып жатышса, биз чыгарсак, 5 сомдон болот”,- деди ал.
Мындан тышкары ал ишкана 5 жыл ичинде өз чыгымдарын актай аларын баса белгиледи.Айыл чарба министрлигинин Химиялаштыруу департаментинин башчысы Жаныбек Дербишалиевдин айтымында, айрым чет өлкөлүк ишканалар Таш-Көмүрдө жер семиркичтерди өндүрүүчү ишкананы курууга каршы чыгып, тоскоолдуктарды жаратышууда. "Анткени алар миңдеген сатуучуларды жоготуудан коркушат",- деп түшүндүрдү ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.