Панфилов районунда "өз энесин отургуч менен чаап жиберген" деп шектелип баласы кармалды
Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургуну өз энесин отургуч менен чаап жиберип, энеси ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын 45 жаштагы тургуну үйүнө мас абалында келип, 70 жаштагы энеси менен уруша кеткен. Уруш учурунда энеси баласынын спирт ичимдиктерин ичип жаткандыгына нааразычылыгын билдиргенде уулу апасын отургуч менен чаап жиберген.
Жыйынтыгында 70 жаштагы тургун ооруканага жеткирилген.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилип жаткандыгы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Ayday2

12.06.2014. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар биз каякка баратабыз, бирөөсү 3 жашар кызын зордуктаса, бири чоң атасын балталап өлтүрсө, бири минтип, табуретка менен энесин башка чапса, биздин эртеңибиз кандай болот?Иңир кирди дегичекти бала-чаканы эшикке чыгарбай үрөй учуп, кол жакада.
aza_74

12.06.2014. 22:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спирт ичимдиктерин азайтуу керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.