super.kg logo

Жети-Өгүздө 17 жашар кыз зордукталып өлтүрүлгөн факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат

 

Жети-Өгүздө 17 жашар кыз зордукталып өлтүрүлгөн факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кылмыштын бети ачыла элек, бирок бардык аракеттер көрүлүп, иликтөөлөр жүрүп жаткандыгы маалым болду. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери күбөлөр менен иш алып барып, ар түрдүү божомолдор айтылууда. 

Эске салсак, Жети-Өгүз районунда зордукталып өлтүрүлгөн кыз тааныштарынын колунан каза болушу мүмкүн экендиги да айтылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз кабарлашкан эле.

Маалым болгондой, кырсык болгон күнү каза тапкан кыз окуу жайынан экзамен тапшырып, кийин айылын көздөй кетүү үчүн унаа тосуп, ага түшүп кеткен. Эртеси анын сөөгү картошка айдалуучу талаадан табылган. Анын буту колготкиси менен таңылып, шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Жансыз дененин жанында бир канча адамдын жана автоунаанын изи калган. "Өлтүргөн адамдар маркумду тааныгандыктан, кылмыш бети ачылып калбаш үчүн өлтүрүп коюшкан" деген божомол да айтылууда.

Эске салсак, 7-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Бурма-Суу айылынан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, анан өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окучу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.06.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жан кейирерлик.. Адамдар эмне болуп баратабыз.. Эртереек табылып жазасын алышсын. Кыздын убалынан коркушпадыбы жапжаш кызды кыйнап олтурушуп.
12.06.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы зоокур мындай ишти жасады экен...
12.06.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздорун таап адам чыдагыс кыйноо менен кыйнап олтуруш керек.
14.06.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бычып салса айбандарды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: